Редакцияот 11.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023 -жылдын  11-февралы  № 4

      

Айылдык аймагынын аксакалдар сотторунун курамын бекитүү жөнүндө

 

Оро айылдык кенешинин 11- чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы айыл аймагынын аксакалдар сотторунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү протоколун бекитип берүү тууралуу маселени карап чыгып талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн алдындагы беш адамдан турган аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2023-жылдын январь айындагы протоколу бекитилсин.

2. Жаш курагына байланыштуу аксакалдар сотунун курамынан бошотуу жөнүндөгү Айтпаев Жаныбектин жана Агынаев Аскердин арызы канааттандырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Төрага

Б.Мотуев