САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтуу кенешинин 1-уюштуруу сессиясы
21.02.2024 №1
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын
шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө", 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө", 2024-жылдын 7- февралындагы ПЖ №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу Жарлыктарын жетекчиликке алуу менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы бириккен Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө №1 протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы болуп Бараканова Айбукен Сатындиевна шайлансын.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Уюштуруу сессиянын
төрайымы В.А.Абдиева