САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-уюштуруу сессиясы
21.02.2024 №2
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын
орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө", 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө", 2024-жылдын 7- февралындагы ПЖ №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу Жарлыктарын жетекчиликке алуу менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы бириккен Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын орун басарларын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө №1 протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кенеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Чичканбаев Болотбек Сабырбайевич жана Чынасылова Айнура Аскарбековна дайындалсын.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым Бараканова А.С.