Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

1-уюштуруу сессиясы

 

21.02.2024 №4                                                                                            

 

«Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши»

мекемесинин ченемдик - укуктук актылары жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын ченемдик-укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобонун 6-пунктуна ылайык «Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» токтом кылат:

 

1.    Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын көпчүлүк түзүмү мамлекекеттик тилди жакшы билгендигине байланыштуу «Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемесинин ченемдик-укуктук актылары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2.    Токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Ысык-Көл областтык юстиция органынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы А.Рахмановго милдеттендирилсин.

4.    Токтомду көзөмөлдөө жагы Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрайымынын орун басары Б.Чичканбаевге тапшырылсын.

Төрайым                                                                                       А.С. Бараканова