Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын апрель айынын 8и №6                                            

 

«Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин типтүү Регламентин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын                       4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

  1. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламенти

жактырылсын жана бекитилсин. (Регламент тиркелет)

  1. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин

депутаттарына милдеттендирилсин.

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Калкты социалдык

жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым                                                                              А.С. Бараканова