ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023 -жылдын 11-февралы № 7
Аппарат кызматкерлеринин он үчүнчү эмгек акысы жөнүндө
Оро айылдык аймактык кенешинин 11 - чакырылышынын кезектеги 17 – сессиясында 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн кароодо Оро айыл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Сатымкулованын отчетун угуп талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жыл аягында берилүүчү бир жолку каралган он үчүнчү эмгек акысы кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Б.Мотуев |