Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры №38/5

  Мантыш айылындагы №7 Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобуна  

ысым ыйгаруу жөнүндө.

                                  

Мантыш айылындагы №7 ҮДТнын  башкы дарыгери М.Эркинбаеванын кайрылуусунун негизинде,  КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОнун” 4-пунктуна ылайык,  Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык Кеңеши   токтом кылат:                                                    

 

          1. Мантыш айылындагы №7 ҮДТнын  башкы дарыгери М.Эркинбаеванын кайрылуусунун негизинде, Мантыш айылындагы №7 Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобуна, СССР учурунда көптөгөн жылдар Мантыш айылындагы №7 ҮДТда мед айым болуп иштеген Солтоева Изат Темиркуловнанын  ысымы ыйгарылсын.

 

          2. Каттоодон өткөрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын, токтомдун аткарылышын Мантыш айылындагы №7 ҮДТнын  башкы дарыгери М.Эркинбаевага милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага:

К. Сапарбек уулу