ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023 -жылдын 11-февралы № 9
Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну талкуулап,тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл аймагында каада салттарды салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО айыл аймагына ылайыкталып түзүлгөн алымча,кошумчасы менен бекитилсин
2. Бекитилген Жобо боюнча айыл калкына тааныштырылып,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мотуев |