Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын апрель айынын 8и №7                                                                   

 

«Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиялардын сандык курамын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине ылайык жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин                   2024- жылдын апрель айынын 8и №2 протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. СадырАке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төмөндөгү туруктуу комиссиялардын сандык  курамы бекитилсин:
  • “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалар байланыштар боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
  • “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссия”  курамы 11 депутат;
  • “Калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
  • “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм жанан жаштар саясаты, уюштуруу иштери, жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө жана орун басарларыма  калтырам.

 

 

Төрайым                                                                                                      А.С. Бараканова   

Жиберилди- Иш кагаздарына-1,  Обл. Юстиция -2