ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023 -жылдын 11-февралы № 10
Улуттук тазалык күнү боюнча иш чаралар планын жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы,айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Даниярованын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча 2023-2025-жылдарга иш аракеттер планы жөнүндө” № 305 Жарлыгынын 5- пунктунда каралган айыл аймагындагы көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери боюнча иштелип чыккан иш чаралар планын сунуштап, бекитип берүү жагы боюнча каралган маселени талкуулап,тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча 2023-2025-жылдарга иш аракеттер планы жөнүндө” № 305 Жарлыгынын 5- пунктунда каралган айыл аймагындагы көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери боюнча иштелип чыккан иш чаралар планы бекитилсин.
2. Бекитилген иш чарага ылайык иш жүргүзүү Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мотуев |