Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры №38/6

                            

Кара-Суу айыл  аймагынын тургундарына “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна,  Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин “Айылдын ардактуу атуулу” наамына талапкерлерге коюлуучу талаптарды жана наамды ыйгаруу тартиптери боюнча жобосуна  ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши  токтом кылат:

 

       1. “Айылдын ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын.

 

  1. Байдылдаев Кудайберген
  2. Калманбетов Сүйөркул Мурсакулович
  3. Малагашкаева Жумагүл Искаковна
  4. Молдобаева Анара Кизикеевна
  5. Оторбаев Чолпонбек Кубанычбюекович
  6. Өмүрбаев Сыргак Салыкович
  7. Садыралиев Жолдош
  8. Сальпиев Кадырбек
  9. Сапарбеков Дайырбек
  10. Сартбаева Балбүбү
  11. Сыдыкова Бейшекан
  12. Токтогулов Кайыпкул
  13. Турусбекова Күкү
  14. Шерипов Нурлан Байсейитович
  15. Шүкүрова Бүбүайша Дакиновна

  

       2. “Айылдын ардактуу атуулу” наамын алган атуулдарга күбөлүк, төш белгилерин салтанаттуу түрдө тапшыруу, уюштуруу айылдык Кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

 

  Төрага:

К. Сапарбек уулу