Редакцияот 14.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз LIII- сессиясынын

 

 

2024-жылынын 14-августу  №53/1

 

“«Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

          Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-12/1427 13.08.2024 жылдагы кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүщүнө кошкон салымы үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыкназаров Баратбек Жалалбековичке «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз LIII-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Сыдыкназаровго «Көк- Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин жоопту катчысы У.Карабаевага жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

төрагасы:

 

 

З.Байдавлетов