Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/2

 

Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө.

 

             Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө Орто-Саз айылынын элдик токтомун талкуулап жана Орто-Саз айылынын айыл башчысы Ж.Жайлообаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү  XXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында  Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын 100 жылдыгы 2024-жылдын 4-октябрь күнү белгиленсин.

2.  Орто-Саз айылынын 100 жылдык маарекесине даярдык көрүү жана тиешелүү иш чаралардын планын иштеп чыгуу, бекиттирүү жагы Орто-Саз айылынын айыл башчысы Ж.Жайлообаевге милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Океновго тапшырылсын.

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков