Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/3

 

Чет-Нура айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарынын зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө

        

Чет-Нура айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарынын зоналдык коэфициентинин өлчөмүн көтөрүп бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Чет-Нура айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарынын зоналдык коэфициентинин өлчөмү 1 ченден 1,3 ченге  көтөрүлүп бекитилсин.

2.       Чет-Нура айыл аямагында айыл чарба эмес багытындагы жер янттарынын көтөрүлүп бекитилген зоналдык коэфициенти менен иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков