Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/6

 

Чет-Нура айыл аймагынын жайытка өтүп кеткен 1662 га кайрак  айдоо жер аянтын кайра кайрак айдоо жер аянтына которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-ноябрындагы “Айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө” №690 токтому менен жайытка өтүп кеткен 1662 га кайрак айдоо жер аянтын кайра жайыттан кайрак айдоо жер аянтына которуу жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXV сессиясы токтом кылат:

 

1.               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-ноябрындагы “Айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө” №690 токтому менен жайытка өтүп кеткен 1662 га кайрак айдоо жер аянтын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу, трансформациялоо” жөнүндө №145 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №169 токтому менен бекитилген “жер участогун которуу” жөнүндө убактылуу жобого ылайык иш алынып барууга Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинен макулдук берилсин.

2.               Тиешелүү жака сунуштарды даярдап жөнөтүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.

3.               Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырамын.

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков