Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы

 

2024-жылдын 19-июлу № 37

 

Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын II- жарым жылдыгына белгиленген иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын II- жарым жылдыгына белгиленген иш-планын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын II- жарым жылдыгына белгиленген иш-планы алымча кошумчасы жана тармактык туруктуу комиссиялардын жетекчилеринин сунушун эске алуу менен бекитилсин (Иш-план тиркелет).

 

2. Токтомдун аткарылышы тармактык туруктуу комиссиялардын башчыларынан суралсын.

 

3. Аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев

 

 

Каракол айылдык Кеңешинин

2024-жылдын 19-июлундагы

№ 37 токтомуна № 1 тиркеме

 

Каракол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын II-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-чаралардын планы

№

Аткаылуучу иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

Эскертүү

1

2024-жылдын бюджетинин 6 айлык аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо

2024-жылдын июнь айы

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

2.

Каракол айыл аймагына кирген айылдардын  2023-жылга пландалган социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-пландын  жана 2023-жылга белгиленген инвестициялык планын аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо.

 

2024-жылдын июнь айы

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

3

Каракол айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планын жана 2024-жылга белгиленген инвестициялык планын карап чыгуу жана сессияга бекитүүгө сунуштоо

 

2024-жылдын июнь айы

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

4

Жаңы түзүлгөн “Каракол таза аймак ” МИ элге кызмат көрсөтүүсү жана чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелери

2024-жылдын август-сентябрь айлары

Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

5

2024-жылы башталган долбоорлордун аткарылышы боюнча маалыматты сессияга сунуштоо

2024-жылдын август-сентябрь айлары

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

6

 Айыл аймагында айыл чарба техникаларынын ээлеринин мал багуучулардын элге  кызмат көрсөтүүсүнүн   Жалпы Элдик жыйында бекитилген наркы, күзүндө алыскы жайлоолордон көчүп келүү графигинин сакталышы боюнча боюнча МИ тарабынан аткарылган иштер.

 

2024-жылдын август-сентябрь айлары

Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

7

 Соц. контрактын негизинде иш алып барган жөлөк пул алуучулардын долбоорлорунун ишке ашырылышы, кедейчиликтен чыгуунун деңгээлине мониторинг жүргүзүү жана сессияга сунуштоо

2024-жылдын сентябрь-октябрь айлары

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

8

Айыл аймагында жөлөк  пул алуучулар, көйгөйлүү маселелер, социалдык маселелер боюнча комиссиянын иши боюнча мониторинг жасоо жана сессияга сунуштоо

2024-жыл ичинде

Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

9

Айыл тургундарынын ирригация мезгилиндеги көйгөйлүү маселелери боюнча жеринде талдоо иштерин жүргүзүү жана сессияга сунуштоо

2024-жыл ичинде

Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

10

2025-жылга аткарууга белгиленип жаткан долбоорлорду талкуулоо жана сессияга сунуштоо

2024-жылдын ноябрь-декабрь айлары

Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы

 

 

Жооптуу катчы

 

К.Ибраимова