Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 2-сессиясы

2024-жылдын 15-июлу № 1

 

“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долборунун (COVID-19 га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында АКИА АКнын АА ишмердүүлүгү жөнүндө.

2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долборунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Акназаров АА АКИА АК төрагасы Саалиев Уландын Ынтымак айылында берген маалымат отчету боюнча. Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Акназаров АА АКИА АК төрагасы Саалиев Уландын маалымат отчету кабыл алынсын .

2. АӨ башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы АӨ башчысына жана АК социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Жорготаев