Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 2-сессиясы

2024-жылдын 15-июлу № 4

 

2024-жылдын бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын

бөлүштүрүү жөнүндө.

 

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 2-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн кирешесине Республикалык максаттуу гранттан (средство передов.) келип түшкөн кошумча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акназаров айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы

А.Кенебаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.

 

2. Республикалык максаттуу гранттан Кызыл-Октябрь, Таш-Кудук жана Көк-Таш айылдарына башкы план, топосьемка жасоо үчүн келип түшкөн кошумча акча каражаты 6 132,8 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин төмөнкү бөлүмүнө:

-Турак жай бөлүмүнүн 2215 статьясына айылдардын башкы пландарын жана топосьемкаларын жасоого төлөнүп берилсин.

 

3. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.

 

4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К. Жорготаев