Редакцияот 15.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 2-сессиясы

2024-жылдын 15-июлу № 8

 

Урмарал айылындагы ФАПка ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-июлундагы кезексиз 2-сессиясы Урмарал айылынын тургуну Мамадалиева Насипанын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акназаров айыл өкмөтүнүн карамагындагы Урмарал айылынын тургуну Н.Мамадалиеванын кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Урмарал айылындагы ФАПка Алибиев Надырбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү аталган мекеменин 2024-жылдын 10-июлундагы чечими бекитилсин.

 

3. Токтомдун  нускалары Бакай-Ата райондук администрациясына жана Бакай-Ата жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жиберилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо Министрлигине сунушталсын.

 

5. Маркум Алибиев Надырбектин уй-бүлөсү ФАПтын иш чараларына жардам көрсөтүшсүн.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Назаралиевге жүктөлсүн.

 

7. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К. Жорготаев