Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү функцияларын аткарууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин (мындан ары - Министрлик) өз алдынчалуулук, көз карандысыздык жана айкындуулук принциптеринде иш алып баруучу ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Министрликтин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
5. Департамент өзүнүн атынан келишимдерди, бүтүмдөрдү түзөт, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болот, коюлган милдеттерди аткарат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды аткарууда өз алдынча иш жүргүзөт.
6. Департаменттин ишин Министрлик контролдойт.
7. Департаменттин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти";
расмий тилде: "Департамент развития качества образования при Министерстве просвещения Кыргызской Республики".
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти";