Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн
сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) башталгыч, негизги жана жалпы орто, ошондой эле башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн алкагында билим алуучуларды тандама тестирлөө жүргүзүүнүн талаптарын белгилейт.
2. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторингди жана баалоону Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык көрсөткүчтөрдү системалуу өлчөө аркылуу жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн билим берүү системасынын кыйла олуттуу мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү процесси жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо боюнча методдорун колдонот.
4. Башталгыч, негизги жана жалпы орто, ошондой эле башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн инструменти болуп тандама тестирлөө саналат.
5. Департамент формалдуу билим берүүнүн сапатын баалоодо билим алуучулардын жекече билиминин жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрү, педагогдордун кесипкөйлүгүнүн деңгээли, билим берүү процессинин камсыз болушу, билим берүү уюмдарынын башкаруучулук жана инновациялык ишин уюштуруу аркылуу билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тандама тестирлөөнүн натыйжаларын пайдаланат.
6. Департамент төмөнкү талаптар каралган техникалык тапшырманы иштеп чыгат:
1) тестирлөө үчүн билим берүү процессинин объекттеринин жана субъекттеринин тизмеги;
2) предметтик багыттар (предметтер, дисциплиналар)/билим берүүнүн натыйжалары жана баскычтары;
3) билим берүүнүн ар бир деңгээлинин билим сапатынын көрсөткүчтөрү;
4) маалыматтарды топтоо үчүн инструменттер жана маалымат базалары;
5) маалыматты талдоо, кайра иштетүү жана интерпретациялоо методикасы;
6) тестирлөө маалыматтарын иштеп чыгуунун программалык-инструменттик каражаттары;
7) тандама тестирлөөнүн уюштуруучулук аспекти жана мезгилдүүлүгү;
8) аны жүргүзүүнүн формалары жана тартиби;
9) календардык график жана аткаруу мөөнөттөрү.