САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги II сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 8и №11
«Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкана жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын алкагында, Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдокматовдун сөзүн угуп, талкуулап жана жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Мурдагы Темир айыл өкмөтү алдындагы муниципалдык ишкана Садыр
Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкана болуп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомдун аткары Садыр Аке аке айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы Н. Молдокматовго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Жер, агрардык реформа, өнөр жай
курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.С. Бараканова