Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги он тогузунчу сессиясынын (4-чакырылышынын ) жыйналышы

2022-жылдын 25-январы № 19/1

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2022-2023-жылдарга кирешелер бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кенеши токтом кылат;

 

1.Кеңеш айыл окмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 6166,2 миң сом жана чыгашалар бөлүгү 6166,2 миң сомго өлчөмүндө бекитилсин

.

2.Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин болжолу 2023-жылга 7108,2 миң сомго, 2024-жылга 7149,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3.2022-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын(тиркеме тиркелет). Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлугү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.

 

4.Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Депутаттардын

Кеңеш айылдык

аймактык кеңешинин

төрагасы:-

 

 

 

М.Абдылдаев