САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз VI сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 29у №16
Жердин багытын которуу жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участогун
которуу (трансформация) жөнүндө» №145 мыйзамынын жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги отурумунун №2 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
2. Садыр Аке айыл аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын түндүк тарабында
жайгашкан №283 контурундагы S=0,56га, 288 контурундагы S=4,44га жалпы аянты S=5га «Айыл-чарба» багытынан «Айыл чарбалык эмес» жерлердин багытына которуу жагына макулдук берилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н.А.Молдокматовго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер,
агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.С. Бараканова