Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу  №23-1

 

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

·       Курманбаев Кылыч-айылдык кеңештин депутаты, тез жардам бөлүмүндө айдоочу;

·       Оморов Айбек- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;

·       Осмонов Советбек- айылдык кеңештин депутаты, эсепчи;

·       Сайпиллаев Алманбет- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;

·       Сайранбаева Ырыскан- айылдык кеңештин депутаты, мугалим;

·       Тургуналиев Бектурсун- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;

·       Таштан кызы Айдана- айылдык кеңештин депутаты, адис;

·       Калбаев Тынчтыкбек- айылдык кеңештин депутаты, адис;

·       Турапов Асан- айылдык кеңештин депутаты, жеке ишкер;

·       Эшенов Чыңгыз- айылдык кеңештин депутаты, юрист;

·       Иманкулова Мунара –З. Жамашев атындагы орто мектебинин директору;

·       Жусубалиев Медербек- Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин директору;

·       Асанова Айсулуу- О. Муратов атындагы орто мектебинин директору;

·       Зупанова Турсунай- К. Абдраимов атындагы орто мектебинин директору;

·       Парпиева Айзада- Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

·       Амиракулова Айсалкын -Э. Төрөбаев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими;

·       Балтабаев Абдыкаар-Орто-Азия айылынын тургуну.

 

2.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

.

 

 

Төрага:

 

Т.Джороев