Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу  №23-3

 

““Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/537 27-август 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Сай участкасындагы Көк-Арт дарыясынын жээгинде жайгашкан №2384 контурундагы 2,55 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2.    Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

 

Т.Джороев