Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу  №23-4

 

““Бостон айылындагы 75 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү” жөнүндө”

 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун 20-август 2024-жылдагы билдирүү катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бостон айылындагы 75 орундуу бала бакчанын имараты 2024-жылы толук бүтүрүлгөндүгүнө байланыштуу, пайдаланууга берилсин.

 

  1. “Бийиктик” атындагы 75 орундуу бала бакчанын пайдаланууга берилүүчү иш кагаздарын тактоо жана бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Бала бакчанын штаттык сан бирдигин бекитип берүү жана кызматкерлердин айлык маянасын мыйзам чегинде чечип берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

 

Т.Джороев