Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №172/38-8

 

“Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесин, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун жобосунун 1-бөлүмүнүн1.11-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасы С.Анашовдин маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Б.Кыдыралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасы C. Анашовдин маалыматы эске алынсын.

 

2.Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна (С.Анашов) шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте тыгыз иш алып баруу сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга , шаардык аксакалдар сотуна (С.Анашов), көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Б.Кыдыралиев) жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов