САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз VI сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 29у №19
Айыл тургундарына турак жай салуу үчүн жер тилкеси
жөнүндө
Садыр Аке айыл аймагынын Корумду айылынын тургундары Бообеков Медер Жакшылыкович жана Аякеев Руслан Догдурбаевичтин арызынын жана жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги отурумунун №2 протоколунун чечиминин негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Садыр Аке айыл аймагындагы Корумду айылынын тургундары Аякеев Руслан
Догдурбаевичтин жана Бообеков Медер Жакшылыковичтин арызындагы үй куруу максатында мурда бөлүнгөн S=0,08га жер тилкелердин ген.планы өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу кайрадан үй салуу максатында жаңы түзүлгөн долбоордун негизинде жер тилкелери менчик үй салууга бекитилип берилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук
актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы
Н.А.Молдокматовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер, агрардык
реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.С. Бараканова