Редакцияот 30.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

кезексиз VI сессиясы

 

2024-жылдын апрель айынын 29у №21                                        

 

«Жердин багытын которуу жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участогун которуу

(трансформация) жөнүндө» №145 мыйзамынын жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги отурумунун №2 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

1.     Садыр Аке айыл аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын түндүк-батыш тарабындагы 

№191 контурундагы S=11,25га, №825 контурундагы S=0,12га, №834 S=0,01га, №835 контурундагы S=0,05га, №836 контурундагы S=0,24га, №191 контурундагы S=1,0га, №824 контурундагы S=0,03га, № 825 контурундагы S=0,15га жалпы аянты S=12,94га болгон жер тилкесин «Айыл-чарба» багытындагы жерлер категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» багытындагы жерлердин категориясына которуу жагына макулдук берилсин.

 

2.     Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы

Н.А.Молдокматовго тапшырылсын.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер,

агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                       А.С. Бараканова