Редакцияот 30.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

кезексиз VI сессиясы

 

2024-жылдын апрель айынын 29у №23                                                             

 

«Комиссия курамын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодекси, укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү Жобонун, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 25-апрелиндеги №2 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1.    Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган

комиссия курамы 11 адамдан түзүлсүн.

2.    Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган

комиссия курамына төмөнкүлөр бекитилсин:

  1. Урбаева Г.Б. - Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коомдук тартип, пробация,

административдик тартип бузуулар, экологиялык бузуулар, мыйзамдардын сакталышы боюнча жетектөөчү адиси;

  1. Жусупбеков К.Т. - Жарандык коомдун өкүлү;
  2. Искакова Дж.А. - Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;
  3. Казиев О.Б. - Семеновка айылынын айыл башчысы;
  4. Ашырбаев Э.Д. – Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер агрардык жана айыл

чарба маселелери боюнча башкы адиси;

  1. Жумадылова Г.Д. – Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты;
  2. Эркимбаев М.Б. – Жарандык коомдун өкүлү;
  3. Керимбек уулу Т. – Булан-Сөгөттү айылынын айыл башчысы;
  4. Айдар уулу А. – Корумду айылынын айыл башчысы;
  5. Молдоев У.Ж. – Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Келечек»

муниципалдык ишканасынын жетекчиси;

  1. Аликеев Ж.К. – Кашат айылынын айыл башчысы.

3.    Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук

актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Н.А.Молдокматовго жүктөлсүн.