Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын 13-сессиясы

 

2024-жылдын 4-сентябры №13/6

 

«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында  Кара-Бүргөн айыл аймагынын  ишмердүүлугү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде    Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

 

1.    АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Кара-Бүргөн  АКИАнын төрагасы Ж.Калпаевдин маалымат-отчету кабыл алынсын

2.    Айыл өкмөт АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүу жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Айылдык кеӊештин төрагасы

Б. Кемелов