Редакцияот 04.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын 13-сессиясы

 

2024-жылдын 4-сентябры №13/7

 

Кара-Бүргөн айыл аймагындагы айылдарга 

беккари чуңкурун уюштуруу жөнүндө.

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде   Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

  1. Кара-Бүргөн айылындагы Кара-Талаа участкасындагы №1071 контурунан 1,5га  таштанды таштоочу жайдын жер аянтынын ичинен   беккари чуңкурун уюштуруу үчүн 0,1га жер аянты бөлүнүп берилсин.
  1. Ак-Чий айылындагы Айгыр-Жал участкасындагы №1276 контурунан 1,5га  таштанды таштоочу жайдын жер аянтынын ичинен беккари чуңкурун уюштуруу үчүн 0,1га жер аянты бөлүнүп берилсин
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Айылдык кеӊештин төрагасы

Б. Кемелов