Редакцияот 30.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

 Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

VII сессиясы

 

2024-жылдын июнь айынын 4ү №26                                              

 

Жердин багытын которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участогун

которуу (трансформация) жөнүндө» №145 мыйзамынын жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2024-жылдын 24-майындагы отурумунун №4 протоколунуннегизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1.    Садыр Аке айыл аймагынына караштуу Григорьевка айылынын күн чыгыш

тарабындагы жалпы аянты S=3,70га болгон мурдагы «Кырчын» агро фирмасынын «Музоолор кармалуучу жайынан» «Муниципалдык мал базар» багытына  которууга макулдук берилсин.

2.    Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана

мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы

Н.А.Молдакматовго тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жер,

агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                А.С. Бараканова