Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/10

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/1, №23/2 жана 2024-жылдын 7-майындагы 24/5 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/1, №23/2 жана 2024-жылдын 7-майындагы 24/6 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин бюджет жана этика  комиссиясынын, Башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/1 токтому менен бекитилген 2218 тамак аш сатып алуу багытында турган 402,2 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөндүктөн 2224 көмүр сатып алуу багытына, Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 5-мартындагы №23/2 токтому менен бекитилген 2111 эмгек акы багытындагы 431,1 миң сом акча каражатын 2224 көмүр сатып алуу багытына, Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын 2024-жылдын 7-майындагы  №24/6 токтому менен бекитилген 3111 имараттар жана курулуштар багытында экономдолуп калган 65,8 миң сом акча каражатын 2214 транспорттук чыгымдар беренесине жылдырылып бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков