САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз IX сессиясы
2024-жылдын август айынын 26ы №43
Жергиликтүү салыктын түрлөрүнүн коэффициентин бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
- 2024-жылга Садыр Аке айыл аймагында төмүндөкүдөй жергиликтүү салыктын түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер
- Мүлк салыгы 1-2-3 тобу.
- Зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына - 1,2;
- Короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы-1,0;
- Мүлк салыгы 1-2-3 тобу мүлк объектилерине жана жер салыгынын Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук
актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин жергиликтүү
кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Чичканбаев