Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/12

 

Чет-Нура айыл аймагындагы жалпы сугат каналдарын пайдалануу жана үзгүлтүксүз оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагындагы жалпы сугат каналдарын пайдалануу жана  үзгүлтүксүз оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматты башкаруу адиси Т.Мамыровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешин ХХVIII чакырылышынын кезектүү ХХV сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Төмөндөгү таблицага ылайык каналдарды үзгүлтүксүз оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү жер аянттары менен Нарын райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берилсин.

№

Айылдар-дын

аталышы

№

Каналдардын аталышы

Айыл аймагынын буйругуна ылайык түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталган каналдардын узундугу, сыйымдуулугу, бетондолгон аралык (км) арыгы (км) коргоо зонасы, курулмалар, көпүрөлөр,  суу бөлүштүргүчтөр, лотоктор ж.б саны жана абалы

Канча жерди сугат суусу менен камсыз кылат

Каналдын оң тарабынан 7м, сол тарабынан 7м жер аянты берилсин. Бирдиги м

Жалпы өткөрүлүп берилүүчү жер аянты. Бирдиги га

Жер арык (км)

Лоток

Труба

Суу бөлүш-түргүч

Узуну (км)

1

Орто-Нура

1

Чоң-Өстөн

+

-

2

9,313

80

14 м

13,04

2

Беш-Бала

+

-

1

7,630

60

14 м

10,68

3

Шор

+

-

1

6,052

70

14 м

8,47

4

Кызыл-Арык

+

-

-

1,557

65

14 м

2,18

2

Чет-Нура

1

Чий-Булуң

+

-

1

10,500

135

14 м

14,7

2

Кызыл-Арык

+

-

1

7,5

52

14 м

10,5

3

Көл-Арык

+

-

7

5,501

127

14 м

7,7

4

Байменде 2

+

-

-

3

65

14 м

4,2

3

Ак-Булуң

1

Баш-Нура

+

-

8

5,5

150

14 м

7,7

4

Ак-Кыя

1

Байменде

13304

2696

4

16

150

14 м

22,4

2

Ичке-Суу

+

-

1

3,5

73

14 м

4,9

5

Орто-Саз

1

Каду

+

-

2

4

70

14 м

5,6

6

Ийри-Суу

1

Арал

+

 

3

87,946

120

14 м

11,05

 

Баары

 

13

 

 

31

87,946

 

 

123,12

 

2. Тиешелүү жака кайрылуу жолдоп иш алып баруу жагы жана токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков