Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы

2024-жылдын 6-февралы №10/2

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын

курамын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» типтүү жобонун 21 жана 22 пунктулары жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-февралындагы №02-20/37 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXVIII  чакырылышынын X кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн;

 

-       Ч.Ашымова – Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешин депутаты, комиссиянын төрайымы.

-       Т.Сыдыкбеков – Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү.

-       А.Муктарбеков – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.

-       К.Таалайбеков – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.

-       М.Дүйшеев – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн юристи, комиссиянын мүчөсү.

-       А.Мукаш уулу – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.

-       Р.Миназаров – «Таза Жерге-Тал» МИ жетекчиси, комиссиянын мүчөсү.

-       Ж. Асан уулу – Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.

-       М.Максүталиев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

-       Т.Асанов – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

-       Ш.Султаналиев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

2.     Жаңыдан түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып барышсын.

3.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 Төрага

Шаарбек у Б.