Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  XXXVIII - сессиясынын

 

2024-жылынын 30-августу  №174/38-8

 

“Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту”

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчётун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.

2023-жылы Кара-Көл шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан волейбол, футбол, эркин күрөш, кол күрөш, шахмат, ордо, бокс түрлөрү боюнча шаардык-10, областтык-5, республикалык-8, эл аралык-13, Азиялык-2 жалпы 38 мелдешке шаарыбызданн 500дөн ашык жаш спортсмендери катышып келген.

Спортчулар 2023-жылы эл аралык, республикалык жана областтык мелдештерде 100 алтын, 125 күмүш, 73 коло медалга ээ болушкан. Календарлык планга ылайык жергиликтүү бюджеттен 2127,3 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн

2023-жылда аткарган иштери жөнүндө Д.М.Алымбаевдин отчёту эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.

  1. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү (Д.М.Алымбаев) шаарыбыздын спортчуларын облустук жана республикалык мелдештерге катыштырууда байгелүү орундардын көрсөткүчүн жогорулатууну камсыз кылсын.
  2. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттен сатылып алынган бокс ринги жеке жактарда колдонууда жүргөндүгүнө байланыштуу рингди кайра кайтарып алуу иштерин жүргүзүү Д.М.Алымбаевге жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга , Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (Д.М.Алымбаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Т.Мадемиров) жүктөлсүн.

    

 

 

 

Төрага:

 

Ч.А. Кимсанов