КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын (4-чакырылышынын ) жыйналышы
2023-жылдын 30-январы № 27/3
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305-Жарлыгына ылайык Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө Кенеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү, кайра иштетүү жана көмүү боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө алардын зыяндуу таасирин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алынып аткарууга алынсын.
2.Кенеш айыл аймагында 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрастуртураны түзүү боюнча иш аракеттеринин планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
3.Тиричилик калдыктарын иштетүү жаатында иштетүү жаатында экологиялык билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн методикалык жана маалыматын калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4.Улуттук тазалык күнүн өткөрүү боюнча жыл сайын март айынын башынан баштап сентябрь айында жыйынтыкталсын.
5.Кенеш айыл аймагынын мекеме-уюмдар, коомдук уюмдарды, ыктыярчыларды жана жарандарды тартуу менен калктуу конуштун анын ичинен менчигинин түрүнө карабастын ишканалар-уюмдар жана кроо аймактарындагы санитардык абалды жана тартипти камсыз кылуу максатында тирчилик калдыктарын тазалоо боюнча иш жүргүзүшсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөонүү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевге жана айылдык кеңештин агрардык жана азык-түлүк айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресустары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин төрагасы:- |
М.Абдылдаев |
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма жетинчи сессиясынын (4-чакырылышынын ) жыйналышынын 30.01.2023-жылдагы № 27/3-токтомуна тиркеме |
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик
калдыктарын иштетүү боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз
Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын
турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн иш-чаралардын планы
К № | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Эскертүү |
1 | Тиричилик калдыктарын айыл ичинде катуу тиричилик калдыктарын иштетүү жана экономикалык жөнгө салуу механизмдерин өркундөтүү | 2023- 2025- жылдар ичи | Айыл өкмөтү |
|
2 | Тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматкөрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу максатында санитардык тазалоонун материалдын техникалык базасын жана ифрастуруктурасын жогорлатуу | 2023- 2025- жылдар ичи | Айыл өкмөтү |
|
3 | Каттуу тирчилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктурасын өнүктүрүүгө полигондорду оптималдаштырууга, тиричилик калдыктарын кабыл алуу пункуттарын, таштандыларды сорттоочу жана таштандыларды иштетүүчү ишканаларды жана жеке менчик ишкана ачууга багытталган инвестицияларды тартуу | 2023- 2025- жылдар ичи | Айыл өкмөтү |
|
4 | 2023-жылдын 1-мартынан тарта жашылдандыруу, көрктөндүрүү, талаптагыдай санитардык абалды жакшыртуу жана айыл ичин тартипке келтирүү, каттуу тиричилик калдыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды уюштуруу | 2023- жылдын март, апрель, май айлары | Айыл өкмөтү Мекеме- уюмдар, жеке ишкерлер |
|
5 | Катту тиричилик калдыктарын көмүүгө жана чеке белин тазалоого акча каражатын бөлдүрүү | 2023-жыл ичи | Айыл башчылар | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50,0 миң сом бөлүнүп берилди |
6 | Таштанды таштоочу жайды иретке келтирүү | 2023-жыл ичи | Айыл башчылар | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100,0 миң сом бөлүндү |
Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
Ж.Кудайбердиева |