КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XXXVIII - сессиясынын
2024-жылынын 30-августу №177/38-8
“Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн башчысы Калыбай уулу Капардын отчетун жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Т.Мадемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Калыбай уулу Капардын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык маданият бөлүмүнө (Калыбай уулу Капар), ал эми токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Т.Мадемиров) жүктөлсүн.
Төрага: |
Ч.А. Кимсанов |