Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы

2024-жылдын 25-марты №11/3

Жерге-Тал айыл аймагындагы «Баатыр эне-Шорукова Какен» атындагы бала бакчанын ата-эне тарабынан балдар үчүн тамак ашына болгон төлөмүн 600 сомдон 700 сомго жогорулатып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагындагы бала бакчанын педагогикалык жамааты менен ата-энелердин жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын ХI  кезектүү сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жерге-Тал айыл аймагындагы «Баатыр эне-Шорукова Какен» атындагы бала бакчанын педагогикалык жамааты менен ата-энелердин жалпы чогулуштарынын  2023-жылдын 27-декабрындагы  №5 жана 2023-жылдын 28-декабрындагы №6, №7 протоколдору жактырылсын.
  2. «Баатыр эне-Шорукова Какен» атындагы бала бакчасынын ата-энелер  тарабынан балдар үчүн ай сайын тамак ашына болгон төлөмүн азык-түзүккө болгон баанын өсүшүн эске алуу менен 600 сомдон, 700 сомго жогорулатылып беркитилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 Төрага

Шаарбек у Б.