Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/17

 

Чет-Нура айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан жер фондусуна киргизилген өзгөрүүлөр боюнча тактоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

          Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагы боюнча,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде,  Чет-Нура айыл аймагынын  16.06.2023-жылдагы №62-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап, Чет-Нура айылдык кеңеши төмөнкүдой чечим кабыл алды:

 

1. Чет-Нура айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына  түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.

2. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго Чет-Нура айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна  сунуштоо тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков