ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы
2024-жылдын 25-марты №11/4
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 24-ноябрындагы №8/4 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын ХI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
- Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдыр үчүн стратегиялык өнүгүү планын аткарууга карата Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан жеткиликтүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыл сайын аткарылган иштер боюнча сессияда маалыматтар берилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |