Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV  сессиясы

 

2024-жылдын  12-июлу  № 25/19

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы №21 чечимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы №21 чечимине Сейденалиев Кары деп жазылып калган, ал эми паспорт боюнча Кыдыралиев Кары Сейденалиевич деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-май 1993-жылдагы №21 чечиминдеги Сейденалиев Кары деп жазылып калган жерине Кыдыралиев Кары Сейденалиевич деп өзгөртүү киргизилсин.

2. Бул токтомдун негизинде, өзгөртүү киргизип мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалынан суралсын.

 

Төрага

 

М. Өмүрбеков