ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы
2024-жылдын 25-марты №11/5
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы «Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндө №9/7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын ж.б. тешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин жаңы Жобосу бекитилсин;
- Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин жаңы Жобосу иштелип чыгып, бекитилгендигине байланыштуу мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- Мындан тышкары бул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги ырасталсын.
Төрага | Шаарбек у Б. |