Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 22-апрели  №12/1

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренеси жана Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги №2 чечиминин негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезексиз сессиясы;

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Бакаев Ызатбек Токтобекович, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинсин.

2.     Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Ашымова Чолпон Кеңешовна шайлангандыгы белгиленсин.

3.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

   Төрага

Ы. Бакаев