Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 1

Учкун айыл аймагындагы  “Тангабийке-Бердике” ,  “Раушан-Учкун” ,”Жылан-Арык-Алтын” бала бакчасынын балдарынын  тамагына төгүлүүчү акча каражатын көтөрүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлгөн,мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну.уюштуруу тартиби жөнүндөгү 4-пунктунун 6-подпунктунун негизинде ,Учкун айылдык кенешинин 8-кезексиз  сессиясы токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлгөн,мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби жөнүндөгү 4-пунктунун 6-подпунктунда ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө  ашырыла тургандыгына байланыштуу,2024-2025-окуу жылында  “Тангабийке-Бердике” ,  “Раушан-Учкун” ,”Жылан-Арык-Алтын”бала бакчаларындагы балдардын тамагына төгүлүүчү акча каражаты  айына 1000 (бир мин ) сом болуп бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы А.Ж.Бектуровго жана бала бакчанын жетекчисинин  милдетин убактылуу аткаруучулары  Т.Мамырбаевага, Т.Токсобаевага, С.Абдиевага   милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

К. Тостоков