Редакцияот 10.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин экинчи сессиясынын (5- шайланган ) жыйналышы

2023-жылдын 10-майы № 2/1

Кеңеш айылдык аймагындагы Пор айылынын “Кереге Таш” тилкесинен турак жай салууга жер тилкесинин аянтын белгилеп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177-токтому менен бекитилген жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун (КР Өкмөтүнүнүн 2017-жылдагы 24-февралдагы токтомунун редакциясына ылайык) талаптарына ылайык депутаттардын Кенеш айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;

 

 

1. Кеңеш айылдык аймагындагы Пор айылынын “Кереге Таш” тилкесинен турак жай салууга кезекте турган жарандарга 0,07 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мокеевге жана айылдык кеңештин агрардык жана азык-түлүк айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресустары экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Токторов