Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 3

Учкун айыл аймагындагы Куланак айылындагы эс алуучу жайга “Токтогул уулу Сыдыктын ” атын берүү жөнүндө

 

 

    Учкун  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши  токтом кылат:

1.Учкун айыл аймагынын  Куланак айылындагы Макый ата №27 адресине курула турчу  эс алуучу жайга   “Токтогул уулу Сыдыктын ” атын берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

К. Тостоков